Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо
Сөзү:Барпы Алыкуловдуку
Обону:Барпы Алыкуловдуку
Аккан суу түз кете албайт, сай болбосо,
Караңгы жарык болбойт, ай болбосо.
Чыракта пилик күйбөйт, май болбосо,
Талаанын көркү кайда, гүл болбосо.
Гүл ачып, кубат албайт, күн болбосо,
Акындар ырдай албайт, тил болбосо.
Душманың жазганабы, сүр болбосо,
Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо.
Комуздан абаз чыкбайт, кыл болбосо,
Сүйүүгө эл каала албайт, ыр болбосо.
Аялдын көркү кайда, чач болбосо,
Тоолордун салмагы аз, таш болбосо.
Узакка кабар жетпейт, кат болбосо,
Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо.
Ак жүздө кызыл болбойт, нур болбосо,
Сооданын иши жүрбөйт, пул болбосо.
Нан чайнап жутта албайсың, тиш болбосо,
Балбандын атты чыкбайт, куч болбосо.
Көздөгөн максатыңа жете албайсың,
Колуңда бардык жарак бүт болбосо.
Чарбанын көркү кайда, мал болбосо,
Сулуунун көркү болбос, кал болбосо.
Ар кечде адашасың, жол болбосо,
Өрдөк, каз кайда конот, көл болбосо.
Арчанын саясы жок, шак болбосо,
Булбул куш кайда конот, бак болбосо.
Дайралар толкуп-ташпайт, сел болбосо,
Аргымак ат арыбайт, бел болбосо.
Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо,
Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо.
Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо.