作词 : Жумамүдүн Шералиев
作曲 : Жумамүдүн Шералиев
Чаткалдын тоосун ашканда мен,
Чар булут каптап асманда.
Чачымдан сылап ойготтуң сен,
Чатырда уктап жатканда.
Чатырда уктап жатканда
Чатырда уктап жатканда
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм өзүңдү.
Көк ойдун тоосун ашканда мен,
Көк булут каптап асманда.
Көкүлүм сылап ойготтуң сен,
Көлөкөлөп уктап жатканда.
Көлөкөлөп уктап жатканда.
Көлөкөлөп уктап жатканда.
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм өзүңдү.
Бозойдун тоосун ашканда мен,
Боз булут каптап асманда.
Жүзүмө сылап ойготтуң сен,
Боз үйдө уктап жатканда.
Боз үйдө уктап жатканда.
Боз үйдө уктап жатканда.
Боз үйдө уктап жатканда.
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм өзүңдү.
Чатырда уктап,
Көлөкөлөп уктап
Боз үйдө уктап
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм өзүңдү.