Биз экөөбүз
Сөзү:Омор Султановдуку
Обону:Рыспай Абдукадыровдуку
Билбейм кайдан табылгансың сен мага
Маңдайымдан путкөн жалгыз бакыттай
Сени сүйдүм буйрук алып тагдырдан
Башкалардын миңи сага татыбайт
Же атайын,сен жаралып мен үчүн
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң
А болбосо,айтчы жаным эмне үчүн
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң
Биз жолугтук майдын жумшак түнүндө
Ал түн мага сен эскерткен белектей
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей
Уктаганда сенин уйкуң менде бар
Ойлорумда ойлоруңа киришкен
Сен экөөбүз эки сандай барабар
Сен экөөбүз эки суудай бириккен
Биз экөөбүз эки сандай барабар
Биз экөөбүз эки суудай бириккен
Биз экөөбүз эки суудай бириккен