"Кайдасың"
Сөзү: Асанкалый Керимбаевдики
Обону: Асанкалый Керимбаевдики
Биз жүргөн айлуу түн кайда?
Биз үзгөн жыпар гүл кайда?
Көзүңдөн секет болоюн,
Көрүнүп койчу бир кайра?!
Көзүңдөн секет болоюн,
Көрүнүп койчу бир кайра?!
Жашыл бак, жайдын кечи эле,
Жанаша баскан кез эле.
Тамаша кыял сөз айтсам,
Таарына түштүң тез эле.
Тамаша кыял сөз айтсам,
Таарына түштүң тез эле.
Кыялдын минип кемесин,
Кыйналдым, качан келесиң?
Кыйнаган менин жанымды,
Кымбаттуум, кандай немесиң?
Кыйнаган менин жанымды,
Кымбаттуум, кандай немесиң?
Кыялым чертип түркүн күү,
Сен карап койсоң сүйкүмдүү.
Тымызын ичим тызылдап,
Сагындым сенин күлкүңдү.
Тымызын ичим тызылдап,
Сагындым сенин күлкүңдү.